Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Алиев: Баку Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт


Азербайжандын президенти Ильхам Алиев. 29-апрель, 2022-жыл.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев. 29-апрель, 2022-жыл.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Баку Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорун билдирди. Ал бул тууралуу 29-апрелде "Түштүк Кавказ: өнүгүү жана кызматташуу" деп аталган эл аралык конференцияда айтты.

"Биз башка мамлекеттердей эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорубузду ачык айтабыз, эшиктин артында жашырынбайбыз. Ооба, биз Орусия менен жакшы алакада экенибизди четке какпайбыз. Эл аралык укук принциптери саясий үстөмдүктүн себебинен бурмаланбашы керек",-деди Алиев.

Быйыл февралда Алиев Москвада орус лидери Владимир Путин менен эки өлкөнүн союздук кызматташуу тууралуу декларациясына кол койгон. Орусиянын өнөктөштөрүнүн ичинен Беларустан башка бир дагы мамлекет Москванын Украинага кол салышын колдорун ачык жарыялаган жок.

Кыргызстан бул маселеде бейтарап экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG