Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Мариуполдон тынч тургундарды чыгарып кетүүгө мүмкүн эместиги айтылууда


Мариупол. Украина. 15-апрель, 2022-жыл.
Мариупол. Украина. 15-апрель, 2022-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский расмий Москва менен тынчтык жөнүндө кеңири сүйлөшүүгө үмүтү калбаганын 29-апрелде билдирди.

Мурдараак порт-шаардагы миңдей кишини чыгарып кетүү аракети көрүлүп жатканы кабарланган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевди позициясын өзгөрттү деп айыптоодо.

АКШ президенти Жо Байден Украинага жардам үчүн 33 млрд. доллар бөлүп берүүнү Конгресстен сураган. Анын 20 млрд. доллары аскердик жардам болору айтылган. Конгресстин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бул маселе "болушунча тез чечилерин" билдирген.

Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган. Аталган заводдун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калды. Орусиянын аскерлери заводго улам-улам чабуул жасап жатат.

Украинанын расмий бийлиги заводдун алдындагы тоннелдик лабиринттерде миңден ашуун жайкын тургундар баш калкалап жатканын маалымдап келет. Киев аларды чыгарып кетүү үчүн коопсуз жол уюштурууну Орусияга бир нече жолу сунуштаган. Ал аракеттерден жыйынтык чыкпай келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG