Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Султанбаев: президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн кубаттайт


Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын укук коргоочулар менен жолугушуусу жөнүндө билдирүү таратты. Жолугушууда президент өлкөдөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашканы, анын ичинде иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгү жөнүндө кеп болгону айтылат. Султанбаев билдиргендей, президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн ар дайым кубаттарын, бирок алар дагы бейтарап, фактыларга таянышы керектигин белгилеген.

"Мамлекет башчысынын иликтөөчү журналисттер өз материалдарында бейтараптуулукту, ар тараптуулукту, фактыларды карманышы керек деген өтүнүчүн билдиребиз. Иликтөөчү журналисттер маалыматтарды тактап, текшериш үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууну сунуштайбыз. Эгер тигил же бул орган маалымат бербей, ашыкча бюрократия кылса мага же президенттин администрациясына кайрылыңыздар",- деп айтылат билдирүүдө.

Гүлшайыр Абдирасулова, Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Эркина Убышева, Элина Карагулова, Гүлшайыр Абдирасулова жана башка укук коргоочулар президент Садыр Жапаров менен 28-апрелде жолуккан. Алар укук жана сөз эркиндигинин абалын талкуулашканын "Азаттык" радиосуна Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, Жапаров менен жолугушууну жарандык коомдун өкүлдөрү демилгелеген.

Учурда иликтөөчү журналист Болот Темировго бир нече кылмыш иши козголуп, тергөө аяктады. 20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Мунун алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын айтып чыгышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG