Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Диплом чыры жана кадр саясаты


Кыргызстанда жасалма дипломдорду текшерип, аныктоо өнөктүгү жүрүүдө.
Кыргызстанда жасалма дипломдорду текшерип, аныктоо өнөктүгү жүрүүдө.

Жакында Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламентке шайлануу үчүн жогорку билим жөнүндөгү дипломдун кереги жок деп чыкты эле. Ырас, Президент Садыр Жапаров соңку маегинде каршы пикирин билдирди. Бирок бул талаш ушуну менен эле тынчып калбайт окшойт, анткени азыр расмий документтен да ал тастыктай турган билимди текшерүү, баалоо зарылдыгы курчуп турат.

Укук менен ыйгарым укукту чаташтырбайлы

Адегенде депутаттарга жогорку билимдин кереги жок деген сөздү талдап көрөлү. Ырас, Конституция боюнча ар бир жаран шайлоо жана шайлануу укугуна ээ. Мунун “бирок” жагын жөнөкөй түшүндүрүү үчүн көпчүлүккө жакын айдоочулук укукту (водительское право) мисал келтирели. Эл жүргөн жолдо, айрыкча шаардын көчөлөрүндө машине айдоо үчүн жол эрежелерин жакшы билип, атайын окуп-үйрөнүп, практика жүзүндө да даярдыгы жакшы экенин далилдеген адамга гана “права” берилиши керек эмеспи.

Айдоочулук күбөлүктү сатып алган кишинин машинесине түшөсүзбү? Балаңызды чала сабат немелер “окутса” болобу? Жалган баалар менен “окуп бүткөн” догдурдун колунан дарыланууга макулсузбу?

Башка адистиктерге ээ болуш үчүн да шык-жөндөм, атайын билим, тажрыйба керек. Мисалы, спорттун кайсы бир түрү боюнча дүйнөнүн чемпиону же чебер (мастер) деп таанылгысы келген адам жакшы устаттын алдында узак мезгил бою ырааттуу машыгып, көптөгөн мелдештерде жеңип чыгышы керек.

Жарандын көптөгөн укуктары анын тийиштүү милдеттерин аркалай билишине (компетенттүүлүгүнө) жараша жүзөгө ашырылат. Мисалы, окумуштуу болуу укугун камсыздоо үчүн адам талыкпай билим алып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшү керек, буга шык-жөндөмү болушу керек.

Конституцияны окубаган, окуса да түшүнбөгөн, жаңы мыйзамдар кандайча иштелип чыгып, кабыл алынарын, аларды Конституцияга жана башка мыйзамдарга шайкеш келтирүү эмне үчүн зарыл экенин билбеген, бийлик менен жарандардын мамилесине тиешелүү эң зарыл түшүнүктөрдөн кабары жок, атүгүл бийлик бутактарын түзүктөп санап бере албаган адам мамлекетти башкаруу ишине кантип барат?

Кайрадан айдоочулук “правага” салыштырсак, мамлекетти башкаруучулар ички жана тышкы саясаттагы “жол эрежелерин” (эл аралык укуктун негиздерин, Конституция баш болгон мыйзамдарды жана ченемдик-укуктук актыларды) билбесе, кесепети миң эсе оор болот эмеспи.

Ушул жерден БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясында же биздин өлкөнүн Баш мыйзамында айтылган укуктар менен мамлекеттик маанидеги жооптуу кызматтарга туруучулардын ыйгарым укуктарын айырмалоо зарылдыгын баса белгилейли. Биринчиси бардык адамдарга берилиши керек болгон мүмкүнчүлүккө тиешелүү, экинчиси аны жүзөгө ашыруудагы кызматтык милдеттер менен байланышкан.

Диплом керекпи же билимби?

Албетте, диплом менен тастыкталган билим керек. Бирок диплому бар, билими жок же тескерисинче болсочу?

А. Акаевдин доорунда жумушсуздук көрсөткүчүн азайтуу үчүн мурдагы көптөгөн кесиптик-техникалык окуу жайларды (ПТУ) университеттерге айлантууга уруксат берилген эле. Аларда окугандардын билими канчалык “жогорку” экенин айтпаса да түшүнүктүү.

Совет мезгилинен калган ЖОЖдордо деле билим сапаты өтө төмөндөп кеткен болчу, азыр да жакшы оңоло элек. Бүгүнкү эки-үч дипломдуулардын көбү ошол “ПТУларды” бүтүргөн же эски университеттерде эптеп “окуган”. Эгер жооптуу кызматтарга тургандардын баарын тегиз чындап текшерсе, теңинен көбүнүн билими жогорку эмес, орто деңгээлге да жетпестиги аныкталмак.

Эми маселенин экинчи жагын да карайлы. Бардык эле дипломсуздардын билими жокпу? Атайын студент болуп катталбай же окуусун бүтүргөндөн кийин ар кандай себептерден улам диплом албай калган, бирок өз алдынча окуп, көптү билип алган адамдар кездешет эмеспи.

Мисалы, биздин Мансур Беккулов деген айылдашыбыз орто мектептен кийин турмуш шартына байланыштуу эч кайсы окуу жайга тапшырбай калган. Бирок ал биздин айылдагы китепканада болгон 4444 китептин баарын окуп чыккан. Кыргыз тилиндеги китептер түгөнгөндө, орус, тажик тилдериндеги китептерди да окуган. Кошуна айылдагы, райборбордогу китепканага да көп каттачу. Ал кээ бир эки-үч дипломдуу кишилер билбегенди билет. Түшүнүгү кенен, терең.

Дагы бир мисал, раматылык Тайтөрө Батыркулов кайсы бир таанымал, саясий салмагы чоң жазуучунун китептерин “халтура” деп сындаганы үчүн университетти аяктаганда мамлекеттик сынактан "2" коюп салышкан. Дипломсуз калып, эң алыскы айылдардын бирине жибергиле, карапайым мугалим болуп иштейин десе да агартуу министрлиги уруксат бербей койгон экен. Ошондо эмне кыларын билбей жүргөндө, ага бир жакшы киши каратегин кыргыздарына бар деп кеңеш бериптир.

Бир чети тагдырдын буйругу менен, экинчи чети өзүнүн өжөрдүгү, көктүгү менен чоң тоскоолдуктарды жеңип, Тайтөрө аба кыргыз фольклористикасы менен этнографиясы үчүн баалуу эмгектерди жаратып кетти. Анын ордунда башка бирөө болсо, балким, өкүмчүл системанын тебелендисинде калмак.

Өмүр бою өсө берели

Адам баласы мансап үчүн эле эмес, жашоосун жарык нурга бөлөй жүрүү үчүн да улам жаңы нерселерди билүүгө дилгир болушу керек. Билимин өркүндөтүп жүргөн кишинин мээси жакшы иштеп, ден соолугуна да пайдалуу болору илимде далилденген.

Кооз, “күчтүү” сөздөрдү күпүлдөп айткандардын эле оозун тиктебей, окуганы менен укканын акыл элегинен өткөрүүгө умтулган адам өмүр бою рухий жактан өсө берет.

Эгер бизде сынчыл ой жүгүртүп, эң эле акылдуу кишилер деле кээде жаңылып калышы же калп менен чынды кошуп жибериши ыктымал экенин эске алган замандаштар көп болсо, мамлекеттик башкарууга шылуундар жолой алмак эмес. Ырас, бул үчүн билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү зарыл. Бирок бул жаатта ырааттуу өсүш болушу үчүн биринчи кезекте жооптуу кызматтагыларга, алардын катарында депутаттарга да талапты күчөтүү керек.

Диплому бар же жок экенине карабай, талапкерлердин баарын билимине карай баалай жүрүү зарыл. Парламентте эмне иш кыларын билбей эле чамынган талапкерлерге мандат бербеш керек. Конституцияны окубаган, окуса да түшүнбөгөн, мыйзамдар кандайча кабыл алынып, өз ара шайкеш келтирилерин, бийлик бутактарынын өз ара иштешүү тартибин билбеген пенделер Жогорку Кеңеште же аткаруу бийлигинде отурганы баарыбыз үчүн уят!

Ошондуктан утурумдук саясий мүдөөнү эмес, жалпы кадр саясатын жакшыртуу зарылдыгын көңүлдө тутсак, анда диплому бар же жок экенине карабай, ар бир жооптуу кызматкердин компетентүүлүгүнө (иш билгилигине – функционалдык сабатына) талапты күчөтө беришибиз керек.

Бир эмес беш диплому бар болсо да, эгер өзүнүн кызматтык милдетине тикелей тиешелүү эң негизги нерселерди билбестиги, түшүнбөстүгү, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткара албастыгы аныкталган мамлекеттик кызматкер, ким болбосун ээлеген ордунан кетирилип, депутат мандатынан кол жуушу керек. Билиминдеги өксүктөрдү ар ким өз эсебинен төлөп окуу менен толуктаганы туура болот.

Бардык эле шайлоо өнөктүктөрүндө талапкерлерди электен өткөрүү үчүн теледебаттарды мүмкүн болушунча ырааттуу, жетик тартипте уюштуруу зарыл. Иштеп жаткандардын деңгээлин коомчулук, эксперттер алардын сөзүнө жана ишине жараша баалап, зарыл учурларда атайын тест аркылуу да аныктаса болот.

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG