Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалды


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдогон. Кулубаев 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан.

22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде Руслан Казакбаев кызматынан кеткен.

59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG