Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Казакстандагы нааразылык акцияларында он чакты адам кармалды


Казакстандын Алматы шаарындагы акцияда кармалгандар. 1-май, 2022-жыл.
Казакстандын Алматы шаарындагы акцияда кармалгандар. 1-май, 2022-жыл.

1-майда Казакстандын бир нече шаарларында өткөн нааразылык акцияларында он чакты кармалды. Алматы шаарында паркта митинг баштала электе полиция кызматкери алты адамды кармап кетти. Кармалгандар эч кандай билдирүүлөрдү жана чакырыктарды жасай элек болчу.

Бул күнү Жаңы-Өзөн, Актау шаарларында митингге чыккандар кармалганын жергиликтүү активисттер кабарлады. Жекшембиде Шымкентте жана Актөбө шаарларында да борбордук аянттарда жана парктарда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеди, аларда акцияга чыккандар кармалган-кармалбаганы белгисиз.

Казакстандык оппозициялык саясатчы, учурда чет жакта жашаган Мухтар Аблязов мурдараак жарандарды 1-майда нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырып, Казакстандын Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгууну талап кылууга үндөгөн. Акцияларда Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган ураандар жаңырары да айтылган эле.

Орусиянын Украинага жасаган кеңири масштабдагы кол салуусу 24-февралда башталган. Эки айдан бери аткылоодон эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 5 миллиондон ашык украиналык өз өлкөсүн таштап чыгып кетти.

Орусиялык айрым пропагандачылар Казакстанга да “кол салуу” чакырыктарын жасап, казак жарандарынын арасында каршылыктарды жаратты. Казакстандын бийлик өкүлдөрү муну айыптаган жооп кайтарды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG