Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Таластагы корукка Алтайдан маралдар алып келинди


Аксыдагы бугу. Иллюстрациялык сүрөт.
Аксыдагы бугу. Иллюстрациялык сүрөт.

Таластагы Беш-Таш коругуна Орусиянын Алтай аймагынан алып келинген 35 марал кое берилди. Алар атайын "35 марал" деген долбоордун негизинде алып келинген. Долбоорду ишке ашырууга "Бакубат Талас" фонду жана "Альянс Алтын" ишканасы колдоо көрсөтүп, 2,5 миллион сом берген.

Облустук бийликтин маалыматына караганда, Таласта маралдарды багуу илимдер академиясы тарабынан аныкталган корутундунун негизинде ишке ашырылууда.

Кыргызстандын аймагында бугу-маралдарды көчүрүп, көбөйтүү аракети буга чейин да болгон. 2018-жылы Нарындан Аксынын тоолоруна тогуз бугу-марал жеткирилген. Бугу-маралдар Аксыдагы Балтыркандын коругуна көчүрүлгөн.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун бугу-марал бар. Алар негизинен Аксынын Сары-Челек, Нарындагы Марал коруктарын жана Ысык-Көл облусун байырлайт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG