Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Түркияда кымбатчылыкка байланыштуу акцияга чыккандар кармалды


Түркиянын Стамбул шаарындагы акциялардагы кармоо. 1-май, 2022-жыл.
Түркиянын Стамбул шаарындагы акциялардагы кармоо. 1-май, 2022-жыл.

1-майда Түркиянын Стамбул шаарында инфляциянын өсүшүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыккандар аларды басууга аракет кылган полиция кызматкерлери менен кагылышты.

Түркиянын кесиптик кошуундарынын конфедерациясынын башчысы Эргун Аталай нааразылык акциясы учурунда эң төмөнкү маянаны баалардын өсүшүнө карап жогорулатып турууга чакырды.

Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөндөй, полиция андан кийин Таксим аянтында ондогон адамды фургонго салып кетти. Demiroren агенттиги, Стамбулдун башка райондору Бешикташта 30 адам, Шишлиде 22 адам кармалганын жазды.

Стамбулдун администрациясынын кабарлашынча, “мыйзамсыз демонстрацияларга” чыккан 164 киши кармалды.

Коронавирус пандемиясы башталгандан кийин дүйнөдө, анын ичинде Түркияда да кымбатчылык күчөгөн. Reuters агенттиги кабарлагандай, Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин Түркияда инфляциянын деңгээли апрелде 61-68%га чейин көтөрүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG