Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Чүйдө эл сүт иштетүүчү заводдорго нааразылык билдирип жатат


Цистернадан сууга төгүлүп жаткан сүт. Чүй облусу. 1-май. 2022-жыл. (Сүрөт соцтармактагы тасмадан кесилип алынды).
Цистернадан сууга төгүлүп жаткан сүт. Чүй облусу. 1-май. 2022-жыл. (Сүрөт соцтармактагы тасмадан кесилип алынды).

Чүй облусунун Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы, Токмок, Шопоков шаарларындагы малчылар сүтүн сата албай, сууга төгүп жатканы тартылган тасмалар социалдык тармактарга чыкты.

Алар "Үмүт" жана "Кант сүт" заводдору сүттү сатып алуудан түрдүү шылтоолор менен баш тартып, сууга төгүүгө аргасыз болуп жатышканын айтышууда. Ысык-Ата районунун тургуну сүттү "Үмүт" компаниясына өткөрүп жүргөнүн, бирок үч күндөн бери албай жатканын "Азаттыкка" маалымдады:

"Мына бүгүн 9 тонна сүт дарыяга төгүлдү. Албай коюшту, кычкылы көп, ирип кетти, тиги-бу" деген шылтоо менен. Кечээ 6 тонна, мурунку күнү 3 тонна сүттү сууга төккөнбүз. Сүттү майлуулугун төмөндөтүп, 32-33 сомдон гана алып жатышат, 40 сом деген жок азыр".

Малчылардын дооматын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбеков да ырастап, Фейсбуктагы баракчасына муну сүт иштеткен заводдордун бааны түшүрүү үчүн атайын жасап жаткан аракети деп сыпаттады.

Сүттүн сууга төгүлүп жатканы тууралуу маалыматтарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди. Анын маалымдашынча, сүт азыктарын төгүү фактысын жеринде териштирүү максатында Чүй облусундагы "Үмүт жана Ко", "Ак Сүт" компанияларында инспекциялык текшерүүлөр башталды.

Чүй облустук милициясы бул фактылар боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG