Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Баткенди өнүктүрүү планынын долбоору талкууланды


Баткен.
Баткен.

29-апрелде Баткен шаарында облусту чек арадагы аймак катары өнүктүрүү иш-чараларынын план-долбоору талкууланды. Ага президенттик администрациянын, өкмөттүн өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик ээлери жана ишкерлер катышты.

Жыйында так, ачык-айкын критерийлердин негизинде 11-майдан кечиктирбей, эң орчундуу, көйгөйлүү, жумуш орундарын түзүүчү, киреше алып келүүчү иш-чаралардын пландарын даярдоо район, шаарлардын жетекчилерине тапшырылды.

Анда Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасына акимдер, шаарлардын мэрлери сунуштаган долбоорлор кирбей калганы айтылып, Жол картаны толуктоо Министрлер кабинетине сунушталды.

Былтыр 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу окуя, андай чатактардын байма-бай чыгуусун, райондордун социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен, Кадамжай районунун, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган долбоорлорун каржылоону колдоо боюнча чечим кабыл алынды.

Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн 2022-жылга бюджеттен 500 млн. сом бөлүнгөн.

Былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG