Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Ооганстандагы жардырууга “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды


Кабулдагы жардыруулардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кабулдагы жардыруулардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

“Ислам мамлекети” террордук тобу Ооганстандын борбору Кабулдагы жүргүнчү ташуучу автобустагы жардырууга жоопкерчилик алды.

Кабулдун полициясынын кабарлагандай, 30-апрелде автобуста бомба жарылып, бир адам каза болгон.

29-апрелде борбор шаардагы Халифа Сахиб мечитинде жардыруу болуп, өлгөндөрдүн саны 50 адамга жеткен. Полиция жанкечти жума намазга жыгылгандардын ичинде болгонун кабарлаган.

Ооганстандагы бул жардылуулар ислам динин тутунгандар үчүн ыйык ай болуп саналган Орозо айынын акыркы күндөрүнө туш келди. Теракттар өлкөнүн башка шаарларында да катталды. 22-апрелде Кундуз шаарындагы мечиттеги жарылуудан 30дай адам набыт кеткен.

Жардыруулар негизинен мусулмандардын шийи жана сопу агымын карманган жамааттардын мечиттеринде, алар жашаган кварталдарда катталууда. “Ислам мамлекети” террордук тобу аларга каршы аракеттерин мурдатан улантып келет.

Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид жардырууга күнөөлүүлөр табылып, жоопко тартыларын билдирди.

"Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) полициясы коопсуздук мындан ары "катуу караларын" убада кылууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG