Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Орусиянын Украина менен чектешкен облусунда темир жол көпүрөсү кулады


Орусиянын темир жол көпүрөлөрүнүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын темир жол көпүрөлөрүнүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украина менен чектешкен Курск облусундагы темир жол көпүрөсү жарым-жартылай кулап түштү. Бул тууралуу облустун губернатору Роман Старовойт жекшембиде кабарлады.

Аймактын Суджа – Сосновый Бор багытындагы темир жолундагы көпүрө негизинен жүк ташуу поезддик каттамдары үчүн колдонулчу. Жабыркагандар жок.

Орусиянын Тергөө комитети алгач көпүрө “жардырылганын” кабарласа, кийинчерээк “жардыруу” деген сөз менен көпүрөнүн түркүгүндөгү жараканы айтканын тактаган. Атайылап жардырууга далилдер табылган эмес.

Москва Украинага кол салгандан бери Орусиянын бир нече чек аралаш аймактарында жарылуулар, аткылоолор болгонун билдирип, Киевди айыптап келет. Белгороддо 1-апрелде мунай базасы, 12-апрелде темир жол линиясы өрттөнгөн. 14-апрелде Брянск облусунун жетекчилиги жүздөй үй жабыр тартканын маалымдаган. 25-апрелде Брянск шаарында "Транснефть Брянск Дружба" деп аталган мунай базасы өрттөнгөн. 27-апрелге караган түнү Белгороддо, Курск жана Воронежде курал-жарак кампалары күйүп кеткен.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Донбасс аймагындагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинага басып кирген. Эки айдан бери аткылоодон эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 5 миллиондон ашык украиналык өз өлкөсүн таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG