Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Израил Лавровдун сөзүнө байланыштуу Москванын кечирим суроосун талап кылды


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Израилдин бийлиги Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун “Адольф Гитлердин канында еврей каны болгон” деген сөзүнө байланыштуу орус элчисин чакыртып, Москванын кечирим суроосун талап кылды.

1-майда италиялык телеканалдагы интервьюсунда Лавровго “президент Владимир Зеленский еврей тектүү болсо, Орусия Украинаны кантип “денацификация” кылат?” деген суроо берилген. Сергей Лавров Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны “денацификация” кылуу тууралуу чечимин актап, "Зеленскийдин еврей болгону ага тоскоол болбой турганын" айткан. Орусиялык министр “Гитлерде да еврей каны болгонун” белгилеген.

Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид муну “кечирилгис, жаңжалга алып келе турган жана тарыхый ката” деп атады. Ал “Холокост учурунда еврейлер өзүн-өзү өлтүргөн эмес”,- деп белгиледи өз билдирүүсүндө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин-еврей үй-бүлөсүнөн чыкканын буга чейинки билдирүүлөрүндө маалымдап, ал "нацизм менен келишкис" көз карашта экенин бир нече жолу белгилеген.

Гитлердин ата-тегинде еврейлер болгону тууралуу билдирүүнү 1946-жылы Нюрнберг трибуналындагы сөзүндө Ганс Франк аттуу мамлекеттик ишмер айтып чыккан. Кийинки илимий изилдөөлөрдө бул гипотеза ырасталган эмес.

Адольф Гитлер башында турган фашисттик Германия баштаган Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 6 миллиондой еврей улутундагы кишилер кырылган. Бул кыргын тарыхка Холокост деген ат менен кирип калган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG