Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Финляндия Орусия менен АЭС куруу келишиминен баш тартты


Финляндияда куруу плагдалган "Ханхикиви-1" АЭСинин эскизи.
Финляндияда куруу плагдалган "Ханхикиви-1" АЭСинин эскизи.

Финляндиянын Fennovoima ишканасы Орусиянын "Росатом" компаниясы менен "Ханхикиви-1" атомдук электр станциясын (АЭС) куруу тууралуу келишиминен баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу маалымат фин компаниясынын сайтында жарыяланды.

Бул келишимге 2013-жылы кол коюлган. АЭСтин курулушунун баасы 450 млн. евро деп бааланган эле.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Fennovoima компаниясы "Ханхикиви-1" АЭСин ишке ашырууда “олуттуу тобокелчиликтерди көрүп жатканын” жарыялаган.

Жергиликтүү Iltalehti басылмасы жазгандай, Финляндия 12-майда НАТОго кирүү тууралуу чечимин жарыялоого даярданууда. Түндүкатлантикалык уюмга кирүү чечимин алгач президент жар салат, кийин парламент бекитет.

Финляндиянын артынан эле Швеция дагы аталган уюмга арыз берет деп күтүлүүдө. Эки өлкө тең НАТОго кирүүнү каалабай келишкен. Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин Финляндия менен Швециядагы коомдук пикир таптакыр өзгөрүп, аскердик уюмга кошулууну жактагандар арбыган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG