Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Орус аскерлери басып турган Мариуполдон башка жарандар да чыгарылды


Мариупол шаарындагы тургундарды украин бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарга эвакуациялоо учуру.
Мариупол шаарындагы тургундарды украин бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарга эвакуациялоо учуру.

2-майда Украинанын орус аскерлери басып турган Мариупол шаарындагы жайкын тургундарды да украин бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарга эвакуациялоо аракеттери башталды. Бул тууралуу аталган шаардын мэринин кеңешчиси Пётр Андрющенко “Азаттыктын” украин кызматына кабарлады.

Мында “Азовсталь” заводунан чыккандар тууралуу эмес, шаардын орус армиясынын карамагында турган тарапта жашаган украиналыктар жөнүндө сөз болуп жатат. Аларды алып келаткан автобустардын колоннасы Мариуполдон Бердянск шаарына, андан ары Запорожье шаарына келет.

Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводунда эки айча убакыттан бери алгачкы эвакуация ишке ашканын 1-майда украин президенти Владимир Зеленский билдирген. Ал БУУнун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен заводдон 100дөн ашык адам, көбүнчө аялдар менен балдар бошотулганын Твиттерге жазган. Алар 2-май кечке чейин Запорожьеге алып келинет деп күтүлүүдө.

Мариупол жайгашкан Донецк облусунун аймагында өзүн-өзү жарыялап алган “Донецк Элдик Республикасы” жикчил түзүмү “Азовсталь” заводунан 80дей жаран чыгарылганын, анын 11 Мариуполдо калып, 69у Украина көзөмөлдөгөн аймакка чыгып кеткенин кабарлаган.

Украина мурдараак Москваны “Мариупол шаарындагы тургундарды мажбурлап Орусияга чыгарып кетип жатат” деп айыптаган. Орус бийлиги аларды депортация кылбай, тескерисинче “гуманитардык коридор” ачып берип жатканын билдирген.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган. Шаарда канча киши өлгөнү белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG