Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Армениядагы нааразылык акциясында кармалгандар 200дөн ашты


Армениянын борбору Еревандагы акциялар. 2-май, 2022-жыл.
Армениянын борбору Еревандагы акциялар. 2-май, 2022-жыл.

Армян полициянын соңку маалыматына ылайык, 2-майда Еревандын борбордук көчөлөрүн жабууга аракет кылган 244 адам кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы жазды.

Кармалгандардын айрымдары бир нече саат сурактан кийин бошотулуп жатканы кабарланды. Алардын айрымдарына 50 миң драм (110 доллар) айып пул салынган.

Акцияны уюштургандардын бири, парламенттеги оппозициялык “Айастан” фракциясынын мүчөсү Ашот Симонян кармалып турат. Анын кесиптештери муну айыптап, депутаттын кол тийбестиги бар экенин айтышууда.

1-майда Еревандын борбордук аянтына миңдеген адам чогулуп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган. Алар акцияны түнү менен улантарын жарыялашкан. Оппозиция 2-майдан тартып, “баш ийбөө” акциялары башталарын жар салган. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде олтургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап жатышат. Эң негизги акция өткөн “Франция” аянтынын төрт тарабы тең тосулду.

Эки апта мурда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатканын” айткандан кийин акциялар башталган. Оппозиция муну армян өкмөтүнүн Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп баалап жатат.

Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Армения аталган аймактагы айылга Азербайжан аскерлери басып киргенин маалымдаса, Азербайжан тарап тескерисинче Армения тарапты күнөөлөгөн. Нейтралдуу аймакты кайтарып жаткан орус аскерлери Азербайжан тараптан аткылоого кабылганын билдирген.

Апрелдин башында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ортомчулугу аркасында Брюсселде жолугушкан. Анда алар Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG