Европа биргелешкен футбол ассоциациясы (UEFA) Орусиянын курама командасына Улуттар лигасына жана клубдарына Еврокубоктордун 2022-2023 сезонундагы мелдештерине катышууга уруксат берген жок.
Орусиянын 2028 жана 2032-жылдардагы футбол боюнча Европа чемпиондугун өткөрүү өтүнүчү ылайыксыз деп табылганы бирикменин сайтына жарыяланды. Уюмдун аткаруу комитетинин жыйыны 2-майда өттү.
Sports.ru сайты Орусиянын футбол союзу мындай чечимге макул эместигин, Лозаннадагы Спорттук арбитраждык сотко кайрылуу ниети бардыгын жазды.
Орусиянын кыз-келиндер командасы Европа чемпионатына киргизилген жок, анын ордуна Португалия курамасы Англиядагы финалдык турнирде ойнойт. Команда дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турниринен четтетиле турган болду. Орусиянын жаштар курамасы, футзал жана пляждык футбол боюнча командалары да мелдештерден четтетилди.
Буга чейин Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Орусиянын курама командасын ушул жылдын ноябрь-декабрь айларында Катарда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуудан четтеткен. Анын алдында Польша менен Швециянын курама командалары Орусия Украинага басып киргени үчүн орусиялык команда менен ойнобой турганын жарыялашкан. (SE)