Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Ноокатта үй-жайы бузулган тургундар коркутууга кабылганы айтылууда


Ноокатта бузулган үйлөрдүн бири
Ноокатта бузулган үйлөрдүн бири

Ноокатта үй-жайы бузулган тургундар милиция кызматкеринин коркутуусуна кабылганын алардын жактоочусу Камил Рузиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 29-апрель күнү бир топ жашоочулар Ош облусунун прокуроруна үйлөрдүн бузулушуна байланыштуу арыз жазууга келишкен. Ошол убакта Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Сталбек Сүйүнов алардан максатын, арыздын чоо-жайын сураган.

"Эч кайда арызданбагыла деп коркутуп кеткен",- деди Рузиев.

Жактоочу бул боюнча прокуратурага арыз берилгенин кошумчалады.

Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев "милиционер жарандарды коркутту" деген маалыматты четке кагып, Сталбек Сүйүнов Ош облустук милициянын мыйзамсыз миграция жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери катары өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу үчүн ошол жерге барганын билдирди.

"Прокуратуранын алдында топтолгон кишилерден чогулуунун чоо-жайын гана сураган",- деди Аширбаев.

Ош-Баткен-Раззаков жолун оңдоп-түзөө үчүн апрелде Ноокат районунда жол боюндагы кызыл сызыктан чыгып кеткен 130дан ашуун турак-жай бузула баштаган. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG