Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Кара-Кулжада сел көпүрөнү алып кетти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Оштун Кара-Кулжа районунда 3-май күнкү сел Чалма айыл аймагында автоунаа өтчү көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлап, көпүрө эки жыл мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-мерчемдеринин негизинде курулганын билдирди. Селден адам өмүрүнө зыян келген жок. Жеринде тактоо, тазалоо иштери уланууда.

Ушул күнү Алай районунда да сел жүрүп, Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү бузган. Кара-Суу районунда сел Ош-Папан-Кожо-Келен жолун каптаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG