Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби Айт намазда окулду


Гурбангулы Бердымухамедов Эгемендик майрамындагы иш-чарада ат минип баратат. 27-сентябрь, 2021-жыл, Ашхабад.
Гурбангулы Бердымухамедов Эгемендик майрамындагы иш-чарада ат минип баратат. 27-сентябрь, 2021-жыл, Ашхабад.

Түркмөнстанда молдолор Айт намаз учурунда мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Жашоомдун маңызы” аттуу жаңы китебин окушту.

“Түркмөнстан хроникалары” басылмасынын маалыматына караганда, бул жөнүндө репортажды мамлекеттик ТДХ агенттиги көрсөттү.

“Жашоомдун маңызы” – Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби. ТДХ бул “философиялык-адабий залкар эмгек түркмөн элине миңдеген жылдар бою муундан-муунга өтө турган акылмандыктын жана улуттук руханий баалуулуктардын туу чокусу” экенин жазган. Китептин бет ачарын 29-апрелде президент Сердар Бердымухамедов өткөргөн.

Мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн 15 жылдык башкаруусу маалында алтымыштан ашуун китеп жазды. Анын китептеринин тематикасы дагы ар түрдүү - жылкы асыроо, ит багуу, түркмөн салты, килемдери, чай өстүрүү жана дары чөптөргө байланыштуу темалар камтылган.

XS
SM
MD
LG