Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Путин менен Макрон марттан бери биринчи жолу телефондон сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрондун жолугушуусу. 7-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрондун жолугушуусу. 7-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон 3-майда телефондон сүйлөштү. Бул эки мамлекет башчынын марттын аягындагы байланышынан берки биринчи жолку сүйлөшүү болду. Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүү эки сааттан ашык созулду.

Макрондун расмий сайтында жазылгандай, ал Путинге “Азовсталь” заводунан адамдарды мындан ары эвакуациялоону камсыздоону суранды. Француз президенти Украинада ок атышууну толук токтотууну да өтүндү. Ал Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин сактаган абалда тынчтык келишимине жетүү үчүн Путин менен сүйлөшүүсүн дагы уланта турганын айтты.

Кремлдин сайтында жазылгандай, Путин Макронду 24-апрелдеги шайлоонун экинчи турунда президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады. Орус президенти Мариуполду “боштондукка” чыгаруу тууралуу маалымат берип, Батышты Украинаны курал менен камсыздоону токтотууга чакырды. Путин Орусия “Украина менен диалогго ачык экенин, олуттуу иштерге Киев өзү даяр болбой жатканын” айтты.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 7-февралда Москвага келип, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. 20-февралда экөө телефондон дагы сүйлөшкөн. Мындан төрт күндөн кийин, 24-февралда Орусия Украинага басып кирди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG