Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

5-майда айрым аймактарда катуу жаан жаайт


Кашка-Суу айылы, Чүй облусу. 2017-жыл.
Кашка-Суу айылы, Чүй облусу. 2017-жыл.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 5-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 18...23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 22…24 градус болот.

XS
SM
MD
LG