Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Бишкек-Ош жолунда төрт айда 12 адам каза болду


Бишкек-Ош жолундагы кырсык. Сүрөт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан алынды.
Бишкек-Ош жолундагы кырсык. Сүрөт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан алынды.

Ички иштер министрлиги Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын, 2022-жылдын төрт айында эле автоунаа жолдун 6-60-чакырымында 74 жол кырсыгы катталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жараат алган. Маалыматта түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кырсыктар көп катталып жатканы, көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу буга себеп болуп жатканы белгиленген.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автоунаа жолдун кырсык көп катталган тилкесинде алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын үч айында Сокулук, Москва, Жайыл райондорунда 493 жөө жүргүнчү жоопкерчиликке тартылган. Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында жолдун аталган бөлүгүндө жалдануучу уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча 18 жол кырсыгы катталды. Андан 29 адам ар кандай деңгээлде жараат алган. Кырсыкка көп учурда оң рулдуу автоунаалар (56%) кабыла турганы маалыматта белгиленген.

Кыргызстанда 2021-жылы 7 миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG