Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

“Чек арасыз кабарчылар”: сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 72-орунда


Болот Темиров кармалган учурда тартылган сүрөт. 23-январь, 2022-жыл.
Болот Темиров кармалган учурда тартылган сүрөт. 23-январь, 2022-жыл.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин жылдык рейтингин чыгарган баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 72-орунду ээледи.

Баяндамада "экономикадагы туруксуздукка, коррупциянын күчөгөнүнө карабастан, бул өлкө Борбор Азияда өзгөчөлөнгөн өлкө экени, анда салыштырмалуу сөз жана басма сөз эркиндиги бар экени" белгиленген.

Аталган уюм бул ирет биринчи жолу жаңы ыкманы колдонуп, өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалына таасир этүүчү беш кошумча фактор–экономикалык, социалдык-маданий контекст, мыйзамдык база жана коопсуздуктун абалы эске алынган.

Ошондой эле салттуу маалымат каражаттарына мамлекеттик көзөмөл болгонуна карабастан, кыргыз басма сөзүндө "белгилүү деңгээлде плюрализм" сакталып калганы айтылат.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингинде, Кыргызстан 2020-жылы 82-орунда, 2021-жылы 79-орунда болчу.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баяндамасында Казакстан 122-орунду, Өзбекстан 133-орунду, Тажикстан 152-орунду, Түркмөнстан бир тепкичке көтөрүлүп 177-орунду ээлеген.

Сөз эркиндиги сакталган өлкөлөрдүн сап башында Норвегия, Дания, Швеция, Эстония жана Финляндия турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG