Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Босния-Герцеговинадагы саясий кризистин фонунда шайлоо күнү белгиленди


Босния жана Герцеговина мамлекетинин картасы.
Босния жана Герцеговина мамлекетинин картасы.

Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясы быйыл 2-октябрда жалпы элдик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алды. Мекеме датаны белгилөөгө уюмдун жети мүчөсүнүн алтоо добуш бергенин маалымдады.

Бул күнү өлкөнүн жашоочулары президенттин милдетин аткарчу үч адамды – хорват, серб жана босняктан турган президиумду, Босняк-хорват федерациясы менен Серб Республикасынын парламенттерин жана 10 кантондун лидерлерин шайлайт.

Хорват улутчулдары мамлекеттин ичинде алардын өзүнчө түзүмү жоктугун даттанып жатып, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө жетишкен. Алар парламентте өз өкүлдөрүн түз шайлоону талап кылышкан. Ага чейин президиумдагы хорват тектүү өкүл Босняк-хорват федерациясынын ичинде жалпы добуш менен тандалчу.

Талаш-тартыштарда хорваттар талаптары аткарылбаса, шайлоого бойкот жарыяларын айтышса, сербдер биротоло бөлүнүп кетерин жар салышкан. Мындан кийин шайлоо мыйзамдары бир сыйра реформадан өттү, бирок процесс толук жыйынтыктала элек болчу.

Босния жана Герцеговина 1992-жылы мурдагы Югославия мамлекетинен бөлүнүп, өз алдынча эгемен өлкө болгон. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде дагы эки администрация – Босняк-Хорваттар федерациясы жана Серб Республикасы түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

Өлкөдө негизинен мусулман босняктар, православ сербдер жана католик хорваттар жер талашып согушат. Аталган мамлекеттеги саясий кризис быйыл январдан баштап кайра күчөгөн. Европа Биримдигинин жетекчилиги Босния жана Герцеговина дагы бөлүнүп кетиши мүмкүндүгүн эскертип, эл аралык коомчулукту анын алдын алууга чакырып жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG