Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Арал - Миң-Куш жолу ачылды


Жер көчкү түшкөн аймак. 04.05.2022
Жер көчкү түшкөн аймак. 04.05.2022

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Арал - Миң-Куш жолу бир тараптуу ачылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, жолду кеңейтүү иш-чараларына министрликтин ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 техника тартылып, жол 3-майда ачылды.

1-майда Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун Кызыл-Сөөк тилкесинде жер көчкү түшкөн. ӨКМ 15 миң метр куб көчкү түшүп, Миң-Куш дарыясы аккан жердин жарымын жаап калганын билдирген. Натыйжада, суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр жерин жеп кеткен. Аймакта кооптуу абал жаралганына байланыштуу жол убактылуу жабылган.

Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 4000ге жакын киши жашайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG