Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Бишкекте согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана техникалардын үлгүлөрү көрсөтүлөт


Кыргызстандын Коргоо министрлиги 9-май - Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгына карата өтө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, 4-майдан 9-майга чейин бардык аймактарда Улуу Ата Мекендик согушка арналып тургузулган эстеликтерге гүлчамбарлар коюлат.

6-майда согуш ардагерлерин куттуктоо иш-чарасы болот. 8-майда согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрү Жеңиш аянтына алынып чыгылып, "жоокер кашасын" даярдоо үчүн талаа ашканалары жайгаштырылат.

Бишкек мэриясы билдиргендей, 9-майда түштө майрамдык концерт, Жеңиш аянтында түрдүү иш-чаралар болот. Ушул эле күнү салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда согушка катышкандардын перзенттери, неберелери жашап жатканын жана аларга бул жүрүшкө тыюу салууга эч кимдин акысы жок экенин айткан.

Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын кабарлаган. Буга чейин Казакстан бийлиги да быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG