Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:20

Ноокатта бир үй-бүлө таттуу токочтон ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат районундагы Арал айылында бир үй-бүлө таттуу токочтон ууланып, ооруканага кайрылды. Бул маалыматты Ноокат район аралык ооруларды алдын алуу жана аймактагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Нурлан Орозалиев "Азаттыкка" ырастады.

Дарыгердин айтымында, үй-бүлөдөгү төрт бала 2-майда апасы дүкөндөн сатып келген быштак кошулган токочту жегенден кийин өздөрүн жаман сезип, куса баштаган. Балдар 5, 8, 9 жана 10 жашта.

"Арал айылында тамак-аштан ууланган учур катталган. Балдардын апасы Ноокаттагы "Бар бол" брендиндеги соода жайынан быштак кошулуп жасалган торт алышкан. Аны жеген төрт баласы кусуп, ошол эле күнү райондук ооруканага кайрылган. Анализдин алгачкы жыйынтыктары чыгып, ич өткөк козгогучтары өсүп жатат. Толук жыйынтык 5-майда белгилүү болот".

Орозалиевдин айтымында, "Бар болдун" айрым азыктары сатыктан алынып, айып пул салынды.

Башкы даргер тамак-ашты сактоо эрежелери боюнча аймактагы дүкөндөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

"Бар бол" кондитердик ишканасы бул окуя боюнча комментарий бере элек.

1-майда Ошто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган. Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун баштапкы маалыматына ылайык, жабыркагандар "Сахобат" деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токоч жешкен. Адистер аталган ишкананын азыктарын текшерип, ушундай тыянак чыгарышкан.

Кара-Суу районунда жайгашкан аталган цех текшерилип, айып пул салынды жана иши токтотулду. Ишкананын азыктары дүкөндөрдөн алынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG