Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Конституциянын кабыл алынганына 29 жыл болду


Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толду.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактаган.

Референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр, 5-майда кол койгон. Андан бери Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн бир катар мыйзамдар өзгөрүүдө.

Бишкекте “Бүгүнкү Конституция туңгуюкка алып барат” деген темада конференция өтөт. Аны Бириккен Демократиялык кыймыл уюштуруп жатат.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG