Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Бишкекте "Бүгүнкү Конституция туңгуюкка алып барат" деген жыйын өтүүдө


Бириккен демократиялык кыймыл “Бүгүнкү Конституция туңгуюкка алып барат” деген темада конференция өткөрүүдө. Катышуучулар азыркы Баш мыйзам менен "өлкө авторитардык режимге ыктаганын" айтып, сынга алып жатышат.

5-майда Бишкекте уюштурулган жыйынга саясатчылар, активисттер жана серепчилер катышууда.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн. Акыркы өзгөртүүдөн кийин Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-президенттик башкаруу формасынан президенттик башкарууга кайткан.

Президент Садыр Жапаров былтыр Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде өлкөдөгү ар бир тармак үчүн жоопкерчилик аларын жана ири өзгөрүүлөр болорун жарыялаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG