Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

ИИМ: турак жай кооперативдеринен 200дөй адам жабыркап, чыгым 121 млн. сомдон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашык кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.

Алдын ала маалыматта 198 жаран жабыр тарткан, чыгымдын жалпы суммасы 121 млн. сомдон ашкан. ИИМдин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 5-майда турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн талкуулаган тегерек үстөл уюштурулду. Анда ушул багытта укук коргоо органдарына кайрылган фактылардын көптүгү, калкта алдамчылык аракеттердин курмандыгы болуу коркунучу бар экени белгиленген.

"Турак жай кооперативдеринин иши менен байланышкан укуктук жөнгө салуу маселелерин комплекстүү изилдөө зарылдыгы бар. Алардын ишине мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү", - деди министрдин орун басары Нурбек Абдиев.

Расмий маалыматка караганда, турак жайга муктаж катары мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде экени айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет.

Буга чейин айрым кооперативдердин башчылары кармалып, алардын ишмердүүлүгү териштирилип жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG