Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Бишкекте 9-кабаттан боюн таштаганы жаткан аял куткарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Бишкектеги курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттардын биринин 9-кабатынан боюн таштаганы жаткан аял тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө беш куткаруучу тартылып, аялды жерге түшүрүп милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.


Буга чейин, 26-апрелде Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаганы жаткан аял куткарылган.

17-мартта Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап, бири каза болгон.

23-февралда Ошто 13 жаштагы өспүрүм беш кабаттуу үйдөн секирип, жанын кыйганын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG