Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Самат Сыдыковго арналган даректүү тасма тартылды


Иллюстрациялык сүрөт. Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы советтик аскерлер.
Иллюстрациялык сүрөт. Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы советтик аскерлер.

9-май Жеңиш күнүн утурлай Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Самат Сыдыковго арналган даректүү тасма көрсөтүлөт. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы тарткан тасманын бет ачары Улуттук тарых музейинин кино залында 4-майда өттү.

“Самат Садыков” тасмасы тарых музейинде 8-майда саат 11:00 жана 15:00 көрсөтүлөт. Андан сырткары 7-майда Сүлүктү шаарындагы Маданият үйүндө, 8-майда Раззаков шаарындагы кинотеатрда, 9-майда Баткен шаарындагы Октябрь кинотеатрында көрсөтүлмөкчү.

Самат Садыковдун образын актер Нурбек Юлдашев аткарып, тасма 50 мүнөткө созулат. Аны режиссер Алим Токторов тарткан.

Самат Садыков 1920-жылы Ош облусунун (азыркы Баткен облусунун) Кара-Сай айылында туулган. Ал Берлинди алуудагы согушка катышып, курман болгон. Ага эң жогорку даражадагы Советтер Союзунун Баатыры (1945-жылы) наамы ыйгарылган.

Самат Садыковдун ысымы Лейлек районундагы айылга, мектепке берилип, Самат айылында аны бюсту тургузулган.

9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

Улуу Ата Мекендик согушка ошол кездеги СССРдин курамындагы Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​ 150 миңдей кыргызстандык согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү орден-медалдарга, сыйлыктарга ээ болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG