Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Кыргызстанда 10-майда "Европа айылдары" ачылат


Кыргызстан менен менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында "Европа айылдары" деген аталыштагы майрамдык иш-чара өтөт.

Бул тууралуу Биримдиктин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. 10-майга белгиленген иш-чарада Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги жетишкендиктери чагылдырылат. Биримдикке мүчө мамлекеттеринин маданияты тартууланып, кызматташуун келечеги сунушталат.

Маданий иш-чара европалык салттуу тамак-аштардын даамын татуу, түркүн түстүү шоу-программа, байгелүү сынактар, жергиликтүү артисттердин концерти менен коштолот.

Иш-чаралар 10-майда саат 13:00дө үч шаарда өткөрүлөт. Кирүү акысыз.

Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы 1991-жылы башталган.
Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишим даяр болгону 2019-жылы эле кабарланып, кол коюлары айтылган. Бирок ал ишке ашкан эмес.

2014-2020-жылдары Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Кыргызстанга мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, билим берүү тармагын жана айылдарды комплекстүү өнүктүрүүгө 172 миллион евро өлчөмүндө колдоо көрсөткөн. 2022-24-жылдары өлкөнүн санариптик трансформациясын колдоо, адамдык ресурстарды өнүктүрүү, "жашыл" жана климатка туруктуу экономикага өтүү үчүн 62 миллион еврого чейинки сумманы бөлөт деп күтүлүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG