Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Казакстан Кыргызстан менен чек арада 1 млн. жасалма акциздик марка табылганын билдирди


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети.

Казакстан чек арадагы өткөрмө бекеттерде көзөмөл кайрадан күчөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматта айтылат.

28-апрелде Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу автоунаадан Беларустун 1 миллиондон ашуун жасалма акциздик маркалары табылган. Ушул эле машинадан 2 миңден ашуун декларацияланбаган товар алынганы кабарланды. Мындан улам расмий Нур-Султан көзөмөлдү күчөтмөкчү.

Кыргызстан бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Өткөн айда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Бишкек "Казакстан жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат" деп айыптаган.

24-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары - соода жана интеграция министри Бахыт Султанов чек арадагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жолугушкан. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул сүйлөшүүдөн кийин өткөрмө жайларында кезек күтүү азайганын кабарлаган.

29-апрелде Бишкекте Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында протокол түзүлгөн. Эки өлкө өкмөт башчылары кол койгон документте кыргыз-казак экономикалык кызматташтыгы, “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Кара-Су” (Казакстан) чек ара өткөрмө бекетерине соода-логистикалык комплекс салуу жана ал жерди эркин экономикалык аймак катары түзүүнү караштыруу жана технология жаатында алаканы күчөтүү каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG