Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Кемпир-Абад суу сактагычына эки өспүрүм чөгүп кетти

Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиришинче, каргашалуу окуя 2-майда болгон.

Сууга чөгүп кеткен балдар 14-15 жашта, Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылынан.

Балдардын сөөгүн айылдаштары түнкү саат 10до табышкан. Милиция соттук-медициналык текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, алардын сууга чөгүп кеткенин ырастады.

Ош облустук ИИБсынын маалыматында, Кемпир-Абад суу сактагычына чөмүлүүгө тыюу салынары тууралуу жазуулар илинген. Бирок ага карабай сууга түшкөндөр болууда.

XS
SM
MD
LG