Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Венгрия орус мунайына тыюу салууну колдобой турганын билдирди


Виктор Орбан
Виктор Орбан

Европа Биримдигинин мүчөсү – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун ичиндеги мамлекеттерге Орусиядан мунай ташып келүүгө тыюу салуу демилгесин колдобой турганын расмий билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 6-майда мамлекеттик радиого курган маегинде айтты.

Виктор Орбан мындай эмбарго (тыюу) мажар экономикасы үчүн “атом бомбасына” барабар экенин, алар буга бара албай турганын маалымдады. Ал Будапешт Венгриянын кызыкчылыгына каршы келбей турган сунуштар болсо карап көрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Орбан Евробиримдиктеги башка мамлекеттерде деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк барын, алар танкер менен мунай ташып келсе болорун, Венгрия өңдүү мамлекеттерде андай мүмкүнчүлүк жоктугун кеп кылды.

4-майда Европа Комиссиясы Москванын Украинага кол салганына байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин долбоорун Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жөнөткөн. Анын ичинде Орусиянын мунайзатын уюмдун аймагына ташып кирүүгө толук эмбарго киргизүү сунушталган. Чектөө жыл аягына чейин күчүнө кирмек.

Чечим күчүнө кириши үчүн аны Евробиримдиктеги 27 мамлекет бирдей жактырышы керек. Адистер ал бир топ талаш-тартыш жаратышы мүмкүн деп белгилеп жатышкан. Мурдараак Венгриянын, Чехиянын, Болгариянын жана Словакиянын майда аткаминерлери мындай чектөөгө камтамачылык билдирген.

Венгриянын оңчул премьер-министри Виктор Орбан Орусиянын президенти Владимир Путин менен дос жана ал мурдараак орус газын рубль менен сатып алууга да макул болгон. Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды жалаң рубль менен сатуу шартын апрелдин башында киргизген. Орбан мурдараак Украинанын батышында жашаган мажар тектүү жарандардын укуктары тууралуу да маселе көтөрүп, расмий Киевге сөз ыргыткан учурлары болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG