Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Бишкек менен Ташкент чек арада адам өлүмү менен коштолгон окуяны талкуулады


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов 6-майда телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арада адам өмүрү кыйылган окуяны талкуулашты.

Расмий Бишкектин кабарлашынча, алар мындан ары чек арада терс окуяларды болтурбоо үчүн биргелешип аракет көрүүнү сүйлөшкөн.

Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза тапкан кыргызстандык үч жаран 6-майда жерге берилди. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин - 48 жаштагы атасы, 22 жана 24 жаштагы уулдары набыт болгонун Актам айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков билдирди.

Эки өлкөнүн чек арачылары окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, үчөө тең ооруканада каза тапкан. (SE)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG