Жалал-Абад шаарында 6-майда Жеңиш күнүнө карата веложүрүш өттү. Ага 300 адам катышканын мэриянын маалымат борбору билдирди.
4-майда Ош шаарында да эки миңдей киши катышкан веложүрүш өткөн.
Сергек жашоого үндөгөн бул иш-чараны мэрия "Мегаком" компаниясы менен чогуу уюштурган. (TB)