Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Эл аралык донорлор Украинага 6,5 млрд. доллар каражат чогултту


Литванын өкмөт башчысы Ингрида Симонита менен Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль, Бородианка шаарындагы ракета чабуулуна кабылган жерде.
Литванын өкмөт башчысы Ингрида Симонита менен Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль, Бородианка шаарындагы ракета чабуулуна кабылган жерде.

Варшавада бейшемби күнү болгон эл аралык донорлордун конференциясында Украина үчүн жалпы дүйнө коомчулугунан 6,5 млрд. доллар каражат чогулганы маалым болду.

Бул тууралуу Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий билдирди. Чогулган каражат украиналыктарга гуманитардык жардам жана өлкөнү кайра калыбына келтирүүгө багытталган.

Конференцияда Украинанын президенти Владимир Зеленский видео байланышка чыгып сүйлөдү. Ал бийлик согуштан кийинки жапырт калыбына келтирүү планын түзүп жатканын айтты. Киев экономика мектебинин алдындагы KSE Institute аналитикалык борборунун эсеби боюнча, Украинанын согуштан берки чыгымы азыркы тапта 600 млрд. долларга чукулдап калды.

Варшавадагы жыйындын соңунда сөз сүйлөгөн Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль өлкөнү кайра калыбына келтирүүдө негизги булак Орусиянын каражаты болушу керектигин белгиледи.

"Жарым-жартылай биздин өнөктөштөр, калганын өз бюджетибиз каржылайт. Негизги каражаттын булагы агрессордун акчасы болууга тийиш. Азыркы тапта Орусиянын болжол менен 300 млрд. доллардай активинин эсеби жабылган. Эгер орус олигархтарынын бул каражаттарын кошсок, 500 млрд. доллар чыгат”, - деди Шмыгаль.

Анын айтымында, Украин бийлиги Орусиянын эсеби жабылган каражаттарын алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Согуш башталгандан бери Украина эл аралык коомчулуктан курал-жарак жана накталай каражат түрүндө 12 млрд. долларлык жардам алган.

24-февралда Орусия Украинанын аймагына басып кирип, согуш ачкан. 2022-жылдын май айына карата KSE Institute аналитикалык борбору өлкөдө 33 млн. чарчы метр турак жай талкаланып, 543 бала бакча, 231 медициналык, 144 маданий жайлар, 97 диний имарат кыйраганын эсептеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG