Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Зеленский мыйзамдарды десоветизация кылуу жөнүндө мыйзамга кол койду


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн мыйзамдарын десоветизация жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Жогору Раданын сайты жазды.

Парламенттин төрагасы Руслан Стефанчук бул документ СССРдин жана Украин ССРинен калган мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына байланыштуу 1200 актыны жокко чыгарарын маалымдады.

Мындан сырткары украин мыйзамдарынан “Улуу Октябрь социалисттик революциясы”, “коммунисттик коомдук куруу боюнча лениндик идеялар”, комсомолдордун укуктары, коммунисттер жана Коммунисттик партия тараптан иштелип чыккан программаларга байланыштуу бардык сөздөр алынып салынат.

Нормативдик-укуктук актыларды тиешелүү тартипке келтирүү үчүн Министрлер кабинетине үч айлык убакыт берилди. Мындан сырткары жаңы Эмгек, Турак-жай жана Жоруктар жөнүндө кодекстерин иштеп чыгуу тапшырмалары коюлду.

Мунун алдында Украинанын парламенти өлкөдөгү орусиячыл деп табылган партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу мыйзамын кабыл алган.

Украина 1990-жылы 16-июлда алгач суверенитет тууралуу декларация кабыл алып, 1991-жылдын 24-августунда Украинанын көз карандысыздыгын жарыялоо жөнүндө актысын жактырган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG