Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Москванын соту журналист Александр Невзоровду сыртынан камакка алды


Александр Невзоров
Александр Невзоров

Москванын Басманный райондук соту Украинадагы согушту айыптаган журналист Александр Невзоровду сыртынан камакка алды.

Мунун алдында Орусиянын Ички иштер министрлиги Невзоровго издөө жарыялаган. Теле алып баруучу орус армиясы тууралуу чындыкка жатпаган маалымат таратууга шектелүүдө.

Невзоровго кылмыш иши козголгонун Тергөө комитети 22-мартта кабарлаган. Анда журналисттин Украинанын Мариупол шаарындагы төрөткананы орусиялык аскерлер аткылаганы тууралуу билдирүүсү иликтөөгө алынып жаткан.

Жоокерлердин жарандык объектилерди атайылап аткылоосу аскердик кылмыш катары каралат. Орусиянын куралдуу күчтөрү мындай соккуларды уруп жатканын төгүндөп келет. Жарандык объектилер талкаланган учурда “аны украин аскерлери аткылаган” деген маалымат таратат.

Орус армиясы Мариупол шаарындагы төрөт үйүнө авиасокку урганын украин бийлиги 9-мартта кабарлаган. Орусия алгач имаратта Украинанын Улуттук гвардиясынын бөлүмүнүн штабы жайгашканын билдирсе, кийин алар сокку урганын танып чыккан.

Мамлекеттик Думанын төрт чакырылышынын депутаты, советтик жана орусиялык журналист, режиссёр, сценарист Александр Невзоров Орусия Украинага кол салган учурда эле катуу сындап чыккан. Андан кийин өзү чет жакка чыгып кеткен. Ушул күндөрү да Ютуб жана Телеграм каналында Кремлдин чечимин катуу айыптаган материалдарын жарыялап жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG