Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Еврокомиссия орус мунайына чектөөнү 3 ай артка жылдыра турууну сунуштады


Европа Биримдигинин желеги мунайдын фонунда. Иллюстрациялык сүрөт.
Европа Биримдигинин желеги мунайдын фонунда. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигиндеги бир нече мамлекеттердин каршылыгынан улам уюмду башкаруучу Еврокомиссия Москвага киргизилчү санкциялардын алтынчы пакетине өзгөртүүлөрдү киргизип, Орусиянын мунайзатына киргизиле турган эмбаргону 3 ай артка жылдыра турууну сунуштады.

Биримдиктеги мамлекеттердин элчилери жума күнү Брюсселде талкуулаган жаңы сунуштамада орус мунайына көз карандылыкты жоюп алуу үчүн дагы кошумча убакыт керектиги белгиленди.

Еврокомиссиянын мүчөсү Паоло Жентилонинин айтымында, эмбарго мурда пландалгандай 6 айдан кийин эмес, 9 айдан кийин күчүнө кириши мүмкүн. Мындан сырткары Венгрияга, Словакияга жана Чехияга 2024-жылга чейин орус мунайын иштете турууга уруксат берилиши ыктымал.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун ичиндеги мамлекеттерге Орусиядан мунай ташып келүүгө тыюу салуу демилгесин колдобой турганын 6-майда расмий билдирди. Орбан мындай эмбарго (тыюу) венгр экономикасы үчүн “атом бомбасына” барабар экенин, алар жакын арада буга бара албай турганын айткан.

4-майда Европа Комиссиясы Москванын Украинага кол салганына байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин долбоорун Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жөнөткөн. Анын ичинде Орусиянын мунайзатын уюмдун аймагына ташып кирүүгө толук тыюу салуу сунушталган. Эмбарго жыл аягына чейин күчүнө кирмек.

Чечим күчүнө кириши үчүн аны Евробиримдиктеги 27 мамлекет бирдей жактырышы керек. Адистер ал бир топ талаш-тартыш жаратышы мүмкүн деп белгилеп жатышкан. Мурдараак Венгриянын, Чехиянын, Болгариянын жана Словакиянын аткаминерлери мындай чектөөгө камтамачылык билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG