Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстан Өзбекстандан чек арадагы окуяга түшүндүрмө талап кылды


Каза болгону кыргызстандыктарды акыркы сапарга узатуу учуру. 6-май, 2022-жыл. Ала-Бука.
Каза болгону кыргызстандыктарды акыркы сапарга узатуу учуру. 6-май, 2022-жыл. Ала-Бука.

Кыргызстан Өзбекстандан чек арада өлүм коштогон окуяга түшүндүрмө талап кылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 6-майда билдиргендей, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, окуянын чоо жайын талкуулашты.

"Кыргызстандын чек ара өкүлү өлкө аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кезмети мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды. Мындан тышкары, кыргызстандыктар каза болгон жерден 80 метр алыстыкта 2000 кг. селитра табылган", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматына караганда, кыргыз жарандары жарандар чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышканы аныкталган. Кармоого аракет жасалганда алар өзбек аскерлерине таш атып, Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет жасашкан. Өзбек чек арачыларынан версиясына ылайык, аскерлер айласыздан күч колдонгону айтылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар төмөндөгүдөй чечимге келишти:

- Чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны атайлап эмес бузган учурда курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;

- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;

- Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоо.

Мындан тышкары чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мурдараак Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов телефондо сүйлөшүп, окуяны талкуулашкан.

5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, үчөө тең ооруканада каза тапкан.
Алар Ала-Бука районунда жашаган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. 48 жаштагы Икрамжан Ахмаджанов жана анын 22 жана 24 жаштагы уулдары Жасурбек менен Жавланбектин сөөктөрү 6-майда жерге берилди.

Маркумдардын туугандары ок атуунун себебин түшүнбөй турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG