Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Коронавирус жуктурган жана андан өлгөн адам катталган жок


Вирусту текшерүү учуру.
Вирусту текшерүү учуру.

7-майга карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган жана андан каза болгон адам катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Азыркы тапта төрт киши үйүндө дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери коронавирусту жугузуп алып, андан айыгып чыккандардын жалпы саны 196 406 кишиге жетти. Оорудан 2 991 адам каза болду.

Министрлик вируска каршы эмдөө дем алыш, майрам күндөргө карабай уланып жатканын кабарлады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кабарлашынча коронавирус пандемиясынан эки жыл ичинде 13 миллионго чукул киши өлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG