Бүгүн Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленүүдө. Бардык аймактарда фашизмге каршы согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата эскерүү митингдери, майрамдык иш-чаралар өтөт.
Борбор калаа Бишкекте Жеңиш аянтында бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен митинг-реквием уюштурулат. “Өлбөс полк” жүрүшү “Түштүк дарбазадан” башталып, Жеңиш аянтында жыйынтыкталат. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу көп адам катышуучу иш-чараларга тыюу салынгандыктан соңку эки жылдан бери ал онлайн форматта өткөрүлүп келген.
9-май Жеңиш күнүн майрамдоо алдында милиция "Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик жаңжалга байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, символдорду колдонууга жана тагынууга жол бербөө үчүн" профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согуштун 146 ардагери калганын быйыл февралда билдирген. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган. (RK)