Бишкекте Май майрамдарына карата ачык асман алдында концерттер уюштурулууда. 8-майда "Ынтымак-2" сейил багында дүйнөлүк классикалык жана кыргызстандык авторлордун мыкты чыгармалары жаңырып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ал эми 7-майда Улуттук тарых музейинин алдындагы аянтчада Кыргызстандын ар кыл аймактарынан келген 16 оркестр бир сахнада “Маш ботой” күүсүн аткарды. Бул иш-чара менен өлкөдө алгачкы жолу өткөрүлгөн оркестр жамааттарынын сынагы жыйынтыкталды.
Быйыл 1-9-май Кыргызстанда Май майрамдарына карата эс алуу күндөрү болууда. (RK)
Facebook шеринеси