Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Сүлүктүдө кыз узатууга келген адамдар тамактан ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 8-майда өткөн кыз узатуу тоюнда тамак-аштан массалык уулануу болду. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Тойго катышкан 180 адамдын ичинен 32си ууланып, медициналык жардам сурап кайрылган. 11 адам Сүлүктү шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатса, 21 адам үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн. Жабырлануучулардын абалы орточо оор.

Уулануу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Той өткөн кафеге санитардык-гигиеналык бузуулар боюнча 15 миң сом айып пул салынган.

Беш күн мурда Бишкектеги "Эл эмне жейт" тез татым түйүнүндө 11 киши шаурмага ууланган. Санэпидкөзөмөлдүн адистери жеринде териштирүү жүргүзүп, "Эл эмне жейт" тамактануучу жайына 13 миң сом айып пул салынган. Уулануунун себептери лабораториялык изилдөөдө аныкталганга чейин түйүндүн иши токтотулган.

1-майда Кара-Суудагы “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG