Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

АКШнын чалгын кызматы Орусиянын Украинада узак согушуу ою бар экенин билдирди


Эврил Хэйнс.
Эврил Хэйнс.

АКШнын чалгын мекемесинин маалыматына караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада узакка созулуучу согушка даярданып, Донбасстан тышкары максаттарга жетүүгө дагы эле үмүттөнүүдө.

Бул тууралуу 10-майда Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетиндеги дүйнөдөгү коркунучтар талкууланган жыйында Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматынын директору Эврил Хэйнс билдирди.

Ал келерки айларда согуштун траекториясын алдын ала баамдоого мүмкүн болбой, кырдаал курчушу ыктымал экенин, Путиндин аскердик аракеттерди Украинанын чыгышында топтоо чечими убактылуу мүнөздө болушу мүмкүн экенин айтты.

Орусия Украинага кол салуусун "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG