Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлүп, курамы жарыяланды


Дача СУ конушунда 2017-жылдын 16-январда учак кыйраган.
Дача СУ конушунда 2017-жылдын 16-январда учак кыйраган.

10-майда президент Садыр Жапаров беш жыл мурунку Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, курамына укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова, журналист Дилбар Алимова, "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлү Бекзат Алимов, “Ачык маалымат фондунан” Элнура Алканова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, "Стоп Беспредел" маалымат сайтынын башкы редактору Кайрат Кенжебай уулу, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Култаев, жарандык активист Тимур Махмудов, укук коргоочу Динара Ошурахунова, иликтөөчү журналист Али Токтакунов, укук коргоочу Нурбек Токтакунов, журналист Адил Турдукулов, экс-депутат Бактыбек Турусбеков, укук коргоочу Эркингүл Убышева, жарандык активист Самсаалы Четимбаев кирди.

Комиссияга иштин регламентин түзүү жана бекитүү, жасалган иштер тууралуу ЖМКларга маалымдап туруу сунушталды. Анын ишин уюштуруу, методикалык жана башка муктаждыктарын камсыздоо Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, президенттик администрацияга жүктөлдү. Ошондой эле президенттин администрациясы, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, ИИМ жана башка мекемелерге коомдук комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган. 2021-жылдын декабрь айында президенттик аппарат Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алардын жыйынтыгы жакында коомчулукка белгилүү болорун кабарлаган.(MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG